• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ализа Солтонбекова Катар Черити кайрымдуулук уюмунун директорунун орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Катар Черити кайрымдуулук уюмунун директорунун орун басары Алсамман Хомам менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоор боюнча буга чейин жетишилген келишимдерди талкуулашты. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын талабына ылайык, Катар Черити кайрымдуулук уюму жетим балдарга жана жарым жетим балдарга 11 жашка чейинки жөлөк пулду 600 адамга көбөйттү. Катар кайрымдуулук уюму артыкчылыктардан тышкары, балдарга кийим-кече, окуу куралдары жана тамак-аш сатып алууга жардам берет. Жетим, жарым жетим жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү студенттерге контракттарды төлөөгө жардам жагынан 229 кайрылуунун ичинен 102 арыз оң каралып аларга араб тараптан финансылык милдеттенмелер берилет. Калган арыздар 2021-жылы каралат. Ошондой эле Катар Черити министрлик тарабынан берилген тизмелерге ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 140тан ашуун жаңы майыптык арабаларды берди.

Алсамман Хомам мырза өз кезегинде акыркы үч жыл ичинде Катар Черити кайрымдуулук уюму Кыргыз Республикасынын калкынын аялуу катмарына жарпы суммасы 1,5 миллиард сомдук жардам көрсөткөнүн айтты. Жөлөкпулдарды алган жетим жана жарым жетим балдардын санын 3500дөн 7500 адамга чейин көбөйттү. Алсамман Хомам Катар Черити мындан ары дагы социалдык чөйрөнү жана инфраструктураны өкүктүрүүдө министрлик менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Солтонбекова Катар Черити кайрымдуулук уюмуна ыраазычылык билдирип, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелер үчүн реабилитациялык борборду куруу маселесин карап көрүүнү сунуштады. Борбордо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар мамлекеттик кызматтарды алышса, ал эми ата-энелер үчүн бош убакытта кошумча акча табууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселелерди жана жемиштүү кызматташууну жүзөгө ашуруу үчүн кайрадан жолугушууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий