• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Алкоголдук продукцияларга акциз салыгынын ставкалары жогорулады – Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкалары жыл сайын жогорулашына ылайык, 2021-жылдын январынан тартып бул продукциялардын түрлөрүнө акциздин жаңы ставкалары белгиленди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул ЕАЭБдин алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалды.

Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз 1 литр үчүн 100 сомдон 120 сомго чейин жогорулады. 2022-жылы акциз 140 сомду, 2023-жылдан тартып 160 сомду түзөт.

Этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 120 сом өлчөмүндө белгиленди, мурда бул ставка 100 сомду түзгөн. Кийинки 2 жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 70 сомдон 80 сомго чейин жогорулаган. 2022-жылы бул сумма 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.

Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө калды.

Пикир

Оставить комментарий