• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аллергия менен ооругандар үчүн вакцина алуунун кандай каршы көрсөтмөлөрү бар? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев брифинг учурунда аллергия менен ооругандар үчүн вакцина алуунун кандай каршы көрсөтмөлөрү бар экендигине токтолду.

Сарыбаев масштабдуу эмдөө кампаниясы менен гана ар кандай пандемияны, анын ичинде коронавирусту жеңүүгө болорун белгиледи.

"Калкты эмдөө – бул коронавирус инфекциясын жеңүү үчүн зарыл жана натыйжалуу чаралардын бири. Бул жамааттык иммунитетти тез өнүктүрүп, “ковидге чейинки жашоого” кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эмдөөгө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, дарыгериңиз менен бардык мүмкүн болгон көрсөтмөлөрдү жана каршы көрсөтмөлөрдү такташ керек”, - дейт ал.

Аллергия менен ооругандар үчүн вакцина алуунун каршы көрсөтмөлөрү:

• оорунун күчөп кетиши;
• мурун адамдын ден соолугуна зыян келтирген аллергиялык реакциялардын болушу (анафилактикалык шок же Квинке шишиги);
• вакцинанын компоненттерине болгон гиперсезгичтик;
• башка вакцинага гиперреактивдин болушу;
• кошумча оорулардын, анын ичинде өнөкөт оорулардын болушу;
• 18 жашка чейинки курак;
• курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар.

Пикир

Оставить комментарий