• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстанда “Бастау” кинофестивалы старт алды

Маданият 0

Бишкек, 06.11.18 /Кабар/. 5-ноябрда Алматада киномектеп жана студенттик тасмалардын “Бастау” эл аралык кинофестивалы старт алды. Бул кинофестиваль 5-8-ноябрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com сайтында маалымдалат.

Фестивалдын президенти Сергей Азимовдун айтымында, кинофестивалга катышуу үчүн жалпы 300дөн ашык арыз келип түшкөн. Алардын ичинен сынактык программага Россия, Казакстан, Түркия, Кыргызстан, Испания, Германия,Сингапур жана башка өлкөлөрдөн келген 47 тасма тандалып алынган.

Аталган фестивалга Кыргызстандын атынан үч тасма катышууда: «Таш-Көмүр» (режиссеру Евгений Чистяков), «Бакыт» (режиссеру Мээрим Догдурбекова) жана «Вершина» (режиссеру Сүйүнбек Гүлжигит уулу).

Кошумчалай кетсек, калыстардын негизги курамында белгилүү режиссер Темир Бирназаров бар. Ал эми студенттик калыстардын курамында жаш режиссер, Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик университеттин студенти Азамат Шаршенов кирген.

Пикир

Оставить комментарий