• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмалуу айылында кичи футбол аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Чуй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кичи футбол аянтчасын аталган агенттиктин директору Канат Аманкулов куруп берди. Анын айтымында, Алмалуу айылында бул аянтчанын болушу айыл жаштарынын арасында сергек жашоо образын, дене тарбия жана спортту жайылтууга, атап айтканда, футболдун өнүгүшүнө өбөлгө болот.

"Алмалуу айылынын жашоочулары мындай долбоорлор социалдык маанилүү экендигин белгилешип, Канат Аманкуловго айыл жаштарынын тарбия алышына чоң көңүл буруп, алардын спортко болгон сүйүүсүн арттыргандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Мындан тышкары, Мамагенттиктин директору айылдагы дарыгерлерге каражат бөлүп, жергиликтүү ооруканага жеке коргонуу шаймандарын, ошондой эле коронавирус менен ооругандарга дары-дармектерди өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий