• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алмалуу жайлоосундагы өрттү өчүрүүгө Казакстандын тик учагы тартылды

Аймак 0

Бишкек, 07.08.18 /Кабар/. Талас облусунун Алмалуу жайлоосундагы өрттү өчүрүү үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын күчтөрү тартылды. 5-августта кечинде башталган өрт Казакстандын аймагына өтүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, кыргыз тараптан өрттү өчүрүүгө 496, Казакстандан 150гө жакын адам тартылган. Ошондой эле Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети өрт менен күрөшүүгө бир тик учак жиберген.

Эске салсак, Алмалуу жайлоосунда 5-августтан бери куураган чөп өрттөнүүдө. Өрт Казакстан менен чектешкен “Лагерь” участогунда тутанган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт 28-июлда башталып, ал 4-августта өчүрүлүп бүткөн. 5-августта саат 17:00 чамасында кайрадан өрт чыгып, жайлоону каптап кеткен.

Бүгүнкү күнгө карата өрт башталган күндөн бери Алмалуу тоосундагы 10 гектар, Манас токой чарбасынын 20 гектар жайыт жери өрттөнүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий