• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алмаматовду кое берген соттун жоопкерчилиги боюнча маселе талкууланууда – Жогорку сот төрайымы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы чиновниги Насырбек Алмаматовду кое берген соттун жоопкерчилиги боюнча маселе талкууланып жатканын парламенттин отурумунда билдирди.

Отурумда депутат Алмазбек Акматов, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматовду кое берген соттун жоопкерчиликке тартылабы деп суроо салды. Ал, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент бул маселеде прокурор менен соттун айыбын белгилегенин айтып өттү.

Гүлбара Калиевнаны айтымында, эреже боюнча тартип комиссиясы сунуш түшкөн учурда жоопкерчилик маселесин карай алат.

Акматов, бул маселе Коопсуздук кеңешинде көтөрүлгөнү менен Жогорку сот аны карабаганына нааразы болду.

Бирок Калиева соттун жоопкерчилиги боюнча маселе талкууланып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөө билдиргендей, ал унаа каражаттарын каттоо жана кайра каттоодо коррупциялык схема түзгөн. 2019-жылдын март айында райондук сот аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, июль айында шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, ага 3,3 млн сом айып салып, камактан бошоткон. Кийин Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, биринчи инстанциядагы соттун 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган.

Жакында эле Башкы прокуратура, бул иште мамлекеттик айыптоочу болгон прокурор жумуштан алынган билдирген.

Пикир

Оставить комментарий