• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, берген арызынын негизинде “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

""Ата Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин түшкөн өз арызынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий