• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Аны депутаттарга Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков тааныштырды.

Алмасбек Абытов 1966-жылы туулган, жогорку билимдүү, техника илимдеринин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги жаӊы туруктуу өкүлү өкмөттүн аппаратына барганга чейин узак жылдар Жогорку Кеӊештин аппаратында жооптуу кызматтарда иштеген. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.

Эске салсак, өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги мурдагы туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий