• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алмата-Бишкек жолунда автобус аласалып, 2 адам каза болуп, 10ну ооруканага жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 4.12.17. /Кабар/. Алмата-Бишкек унаа жолунда жүргүнчүлүк автобусу аласалды. Жол кырсыгынынан эки адам каза болуп, дагы 10ну ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди.

Алмата облусунун полициясынын берген маалыматына ылайык, жол кырсыгы Узынагаш айылына жакын жерде эртең менен болгон.

“Жол кырсыгы Алмата-Бишкек унаа жолунун 62-чакырымында болжол менен таңкы 8дер чамасында катталган. Кырсыктан 2 адам каза болду. Ооруканага ар кандай жаракат алган он адам жеткирилди, алардын ичинен бирөөсүнүн жашы жете элек”,-деп полицияга таянып, “Свобода” казак кызматынын радиосу маалымдайт.

Полиция маалымдагандай, Шымкент-Алмата каттамы менен бара жаткан автобус аласалган. Кырсык болгон кезде автобустун ичинде 43 жүргүнчү болгон. Алдын ала маалыматка караганда, 41 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калган.

Учурда иликтөө башталды.

Пикир

Оставить комментарий