• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алматада Ч.Айтматов атындагы көчө пайда болду

Коом 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Казакстандын Алмата шаарында 100дөн ашуун кайталанган көчөлөрдүн атын өзгөртүштү. Көчөлөрдүн бири кыргыз жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун ысымын алганын Tengrinews.kz билдирет.

Алматада 42 көчө белгилүү адамдардын ысымын алды, калгандары географиялык аталыштарды алып жүрүшөт, же Казакстандын тарыхы, маданиятына байланыштуу болот.

“Мисалы, Чыңгыз Айтматов, Герольд Бельгер, Талгат Бигельдинов, Сагадат Нурмагамбетов, Каукен Кенжетаев, Сергей Калмыков, Кадыр Мырзалиев жана башкалардын ысымдарындагы көчөлөр пайда болот”,- деп маалымдашты шаар акиматынан.

Буга байланыштуу, шаардыктарга ыңгайсыздык жараткан атайын процедуралар болбойт.

Пикир

Оставить комментарий