• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алматада кулаган учак: каза болгон авиатехник да Кыргызстандык болгон

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Алматага жакын жерде кулаган Ан-28 учактын кыйроосунан каза болгон авиатехник Бейшенбек Акматбаев да Кыргызстандын жараны болгон. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

КРнын Алматадагы Башкы консулдугунун болжолдуу маалыматы боюнча, экипаждын эки мүчөсү КРнын жарандары болушкан: аба кемесинин башчысы 1963-жылы туулган Геннадий Цой жана инженер 1961-жылы туулган Бейшенбек Акматбаев.

Белгилей кетсек, мурда каза болгондордун арасында Кыргызстандын жараны - аба кемесинин башчысы Геннадий Цой бар экендиги тууралуу маалымат берилген.

Эске сала кетсек, Алматага жакын жерде Санитардык авиациянын Ан-28 учагы кыйрап, беш киши каза тапкан. Окуя 3-октябрь күнү кечинде Иле районунда болгон.

Акимчиликтин маалыматы боюнча учак дыйкан чарбасынын аймагына кулап, күйүп кеткен. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.

Учак бейтапка жардам көрсөтүү үчүн Алмата-Шымкент-Алмата багыты боюнча бара жаткан. Маалыматтарга караганда, бортто үч учкуч жана эки медициналык кызматкер болгон.

Санитардык авиациянын учагы 18.35те Алматадан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий