• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алматы аэропортунан чыга албай жаткан 19 кыргызстандык үчүн трансфер уюштурулат – республикалык штаб

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Алматы аэропортунан чыга албай жаткан 19 кыргызстандык үчүн трансфер уюштурулат. Бул тууралуу коронавирустун келишин алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти.

"Азыркы мезгилде Алматынын аэропортунда, Делиден учуп келген 19 кыргызстандык чыга албай турат. Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жапкандыктан алар чыгарылбай жатат. Ошондой эле тагдыр Кыргызстандан чыгышкан, Казакстан аркылуу кайтууну пландашкан башка туристтерди дагы күтүп турат. КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан казак тарап менен биздин мекендештерибизди алып чыгып кетүү макулдашылды. Алар үчүн трансфер уюштурулмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий