• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алматы бассейнинде 11 бала хлордун буусуна ууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Алматыдагы Aquastars бессейндер түйүндөрүнүн биринде машыгуу учурунда хлордун буусуна 11 окуучу ууланды. Алматы шаарынын коомдук саламаттык башкармалыгы алар тез жардам бригадасы менен ооруканага жеткирилгенин билдирди.

"12-14 жаштагы балдар. Баарынын абалы туруктуу, профилдик бөлүмгө жаткырылды", — деди башкармалык.

Aquastars бассейндер түйүнүнүн өкүлү хлор берүү системасында убактылуу мүчүлүштүктөр болгонун билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, сууну зыянсыздандыруу станциясында авария болуп, "Эмовекс" дезинфекциялык каражаты абага тараган. Ушул тапта бузулган тетик алмаштырылды. Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар жана санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери иштеди. Суу жана абанын сынамдары алынды.

Пикир

Оставить комментарий