• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алматы бийлиги автордук укук бузгандыгы үчүн сүрөтчүгө 680 700 теңге төлөп берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.03.18. /Кабар/. Алматы соту бийлик менен фотосүрөтчүнүн талашы боюнча иште «автордук укуктун бузулгандыгы үчүн» акимчиликти жооптуу деп тапты. Бул үчүн судья Аида Абилмажинова мекемени фотосүрөтчү Сарсенбек Кызайбекулына компенсация катары 680 700 теңге төлөп берүүгө милдеттендирди.

Кызайбекулы мамлекеттик «Руханий жаңыруу» программасынын үгүт өнөктүгүндө анын сүрөтү уруксатсыз пайдаланылгандыгы үчүн өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги менен Алматы акимчилигин сотко берген.

Анын адвокаты Бауыржан Айдарбеков соттун чечимине канааттанбаганын билдирип, ал боюнча даттана турганын айтты.

— Автордук укуктун бузулушуна ички саясат башкармалыгы гана эмес, Маданият жана спорт министрлигинин дагы тиешеси бар. Бирок соттун чечиминде министрлик жоопкер катары көрсөтүлгөн эмес. Автордук укуктун бузулгандыгы үчүн көрсөтүлгөн 300 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү компенсация (680 700 теңге) аз, — деди Бауыржан Айдарбеков.

Кызайбекулы доо арызында жоопкер катары министрлик менен акимчиликти көрсөтүп, алардын компенсация катары бир жарым миллион теңге төлөп беришин талап кылган. Айтымында, анын 2014-жылы тартылган белгилүү эмгеги августтан бери автордун макулдугусуз «Руханий жаңыруу» программасынын үгүт материалы катары бир катар аймактарда пайдаланылган. Сотто жоопкерлер ал сүрөт ачык булактардан алынганын билдиришти.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий