• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Алматы-Бишкек-Алматы» авиакаттамынын саны көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-мартынан баштап «Алматы-Бишкек-Алматы» аба каттамы жумасына 12 жолу аткарылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэпрорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин «Эйр Астана» авиакомпаниясы аталган багыт боюнча каттамды күн сайын, башкача айтканда, жумасына 7 жолу аткарып келген.

“Ал эми 1-марттан тарта дагы 5 каттам кошулду. Эми жүргүнчүлөр Бишкектен Алматыга дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү эки жолу учууга мүмкүнчүлүк алышты”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Авиабилеттер боюнча «Эйр Астана» авиакомпаниясына кайрылыңыздар. Каттамдар тууралуу маалымат алуу үчүн, аэропорттордун төмөнкү номерлерине байлынышсаңыздар болот: «Манас» - 0 312 693109, «Ош» - 0 3222 90101”, - деп кошумчалашты аэропорттун басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий