• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алматы-Бишкек жолунда жол кырсыгы катталып, 21 адам ооруканага жеткирилди

Кырсык 0

Бишкек, 29.10.18 /Кабар/. Алматы-Бишкек унаа жолунун 23-чакырымында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 21 адам Каскеландагы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги жазып чыкты.

“21 адам дарыгерге кайрылган. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө, 6 адам ооруканага жаткырылды, калгандары каралып жатат”, - деп билдиришти облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Полициянын маалыматына караганда, микроавтобус жана автобус сүзүшкөн. Жабыркагандардын арасында автобустун жүргүнчүлөрү жок. Аны менен сүзүшкөн Mercedes-Benz Sprinter унаасынын жүргүнчүлөрү ооруканага жеткирилген.

“Азыр сотко чейинки иликтөө башталды. Ал полициянын облустук департаментинин көзөмөлү алдында”, - деген аталган ведомствонун өкүлү Кобейхан Нурахметов.

Пикир

Оставить комментарий