• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алматы-Бишкек жолундагы авто кырсыктан тогуз киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. Алматы–Бишкек жолунда эки унаа кагышып, тогуз киши каза болду. Бул тууралуу Алматы облусунун Полиция Департаменти кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-май күнү Алматы-Бишкек жолунун 109 км болуп, Lada менен Toyota Camry унаалары кагылышкан. Каза болгондордун арасында үч аял бар.

Каза болгондор Алматы, Шымкент шаарларынын, Түркестан жана Алматы облустарынын тургундары.

Алдын ала маалымат боюнча, Lada автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кетип, Toyota Camry менен кагышкан.

Жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий