• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алматы кинофестивалынын гран-приси «Хрусталь» тасмасына берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. 19-сентябрда аяктаган Эл аралык Алматы кинофестивалынын гран-присин Беларус, Орусия, Германия жана АКШ кинематографисттеринин «Хрусталь» тасмасы утуп алды. Тасмада Минсктин Веля аттуу жашоочусунун 1990-жылдардагы окуясы тууралуу баяндалат.

Сыйлыкты тасманын продюсерлеринин бири Валерий Дмитроченкого сынактын калыстар тобунун төрагасы, орусиялык кинорежиссер жана сценарист Сергей Бодров тапшырды.

Бул «Хрусталь» тасмасынын алгачкы сыйлыгы эмес. Быйыл июлда Эл аралык IX Одесса кинофестивалында «Золотой Дюк» гран-присин, ошондой эле орус кинолорунун «Европага ачылган терезе» аттуу 26-фестивалында баш байгени утуп алган.

Жалпысынан Алматы кинофестивалынын негизги сынагына он тасма катышкан. Алардын бири казакстандык режиссер Адилхан Ержановдун «Дүйнөнүн мемиреген көңүл коштугу» деген эмгеги болду. Тасма беш номинациянын бири болгон калыстар тобунун атайын сыйлыгын утуп алды.
Эл аралык Алматы кинофестивалы алгачкы жолу уюштурулуп, 15-19-сентябрь күндөрү өттү.

Пикир

Оставить комментарий