• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алматы облусунда 2,5 миң окуучу карантинге алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Казакстандын Алматы облусундагы 120 мектепте коронавирус жуктургандар аныкталып, 2,5 миң окуучу карантинге алынды. Бул тууралуу облус акиминин орун басары Батыржан Байжуманов брифинг учурунда билдирди.

"Эгер бир эле окуучу ооруп калса, ал окуган класс толугу менен карантинге алынат деген алгоритм бекитилген. Эми алар эки жумадан кийин кайра мектепке кайтып, кадимки шарттарда билим алуусун улантышат", — деди Байжуманов.

Анын айтымында, окуу жылы башталгандан бери облуста 422 окуучуга жана 47 мугалимге коронавирус жуккан.

1-сентябрга карата Казакстандагы орто мектептердин көбүндө кадимки режимде окуу башталган.

Буга чейин бийлик октябрь айында 12 жаштан ашкан балдар менен кош бойлуу келиндер коронавируска каршы батыш өлкөлөрүндө өндүрүлгөн Pfizer/BionTech вакцинасы менен эмделе турганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөдөн өтүүгө эч ким мажбурланбастыгын, вакцина ата-энелердин уруксаты менен сайыларын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий