• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алматы облусунда химия сабагынан кийин 11 окуучу ооруканага жеткирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Алматы облусунун Емгекчиказак районунда жергиликтүү мектептеги химия сабагынан кийин 11 окуучу уулануу белгилери менен ооруканага жеткирилди.

Маалыматка караганда, балдар химия сабагынан кийин жагымсыз жытка даттанышкан. Класстагы 27 окуучунун 11и кускусу келип, башы жана ичи ооруганын айтышкан.

Алматы облустук саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына караганда, бир нече өспүрүмдүн беттери менен колдорунда кызыл темгил тактар пайда болгон. Окуучуларга айылдык ооруканада биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин райондук ооруканага жөнөтүлгөн. Анда балдардан анализдер алынган.

Мектеп директору эч кандай химиялык уулануу болбогонун, учурда балдар үйлөрүндө экенин билдирди.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери мектеп директоруна шилтеме кылып, химия сабагында фосфор менен тажрыйба жүргүзүлгөнүн жазышты. Учурда 11 баланын саламаттыгынын эмне себептен начарлагандыгы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий