• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Алматы облусунда "Манас" эл аралык форуму болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Алматы облусунда Чокон Валихановдун элесине арналган "Манас" - улуу талаанын түбөлүк мурасы" аталышындагы ІІІ эл аралык форуму болуп өттү.

Ага Кыргызстандын атынан КР президентинин кеңешчиси Султан Раев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубеков, ошондой эле окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышкан. Аларды Алматы облусунун акими Амандык Баталов тосуп алган.

Алматы облусунун башчысы Түрк академиясы уюштурган казак-кыргыз интеллигенциясынын форуму салттуу болуп калганын белгилеген.

"Иш-чаранын Жети-Суу аймагында өтүп жатканы биз үчүн сыймык. Казак-кыргыз тарыхынын терең тамыры бар. Улуу мурасты сактоо, эстеп жүрүү – кийинки муундардын милдети", - деген ал.

Ал эми Кыргызстандын президентинин каалоо-тилек сөздөрүн анын кеңешчиси Султан Раев окуп берген.

"Мамлекет башчы бүгүнкү иш-чара үчүн өз ыраазычылыгын билдирди... Сиздер билгендей, дүйнөдө 38 ири эпос бар. Алардын арасында "Манас" – эң ири эпос. Биз "манасты" инновациялык түшүнүктөрдүн алкагында карашыбыз керек", - деди Раев.

Иш-чарада "Манас" эпосу кыргыз тилинде латин араби менен жазылган китеби тартууланган. Бир томдук китеп 650 беттен турат.

Иш-чаранын алкагында анын катышуучулары Алматы облусунун Кербулак районуна барышкан. Белгилүү болгондой Чокон Валихановдун сөөгү ушул аймакта жерге берилген.

Ал жерде боз үйлөр тигилип, казак улуттук оюндары көрсөтүлгөн. Аны менен катар Кыргызстан менен Казакстандын өнөрпоздору "Манас" айтышкан.

Белгилей кетсек, "Манас" эпосу дүйнөдөгү эң ири эпос. Ал 500 миңден ашык саптан турат. Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Жусуп Мамай ж.б. залкар манасчылардын катарын толуктап келет.

Ал эми, Чокон Валиханов – казактын тунгуч окумуштууларынын бири, этнограф, агартуучу жана саякатчы. Ал алгачкылардан болуп "Манас" эпосун илимий түрдө кагаз бетине түшүрүп, анын бир бөлүгүн орус тилине которгон.

Пикир

Оставить комментарий