• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алматы облусунда саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган музей ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Казакстандын Алматы облусунун Жаналык айылында саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган музей ачылды.

Ачылуу салтанатына Алматы облусунун акими Амандык Баталов катышып, акимчилик жамаатынын атынан музейге автоунаанын ачкычын тапшырды.

Музей үч залдан турат. Алгачкысына 1916-жылдан 1986-жылга чейинки репрессиялардын тарыхы тууралуу баяндалган маалыматтар коюлган. Экинчи залдын дубалына саясий куугунтукка кабылган 4 125 адамдын аты-жөнү жазылган такта илинип, репрессия курмандыктарынын биографиялык маалыматтары коюлган. Акыркы залында Алматы облустук полиция департаментинин архивинен алынган сүрөттөр менен архив документтердин көчүрмөлөрүн көрүүгө болот.

Мындан тышкары музейде XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башындагы казак интеллигенция өкүлдөрүнүн аты-жөнү түшүрүлгөн такта орнотулган. Тогуз киши эмгектенген музейдин жалпы аянты 635 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий