• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алматы-Ош-Алматы жаңы рейси: Ошко биринчи каттам менен 64 жүргүнчү учуп келди

Коом 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнь күнү “Ош” Эл аралык аэропортунда QAZAQ Air авиакомпаниясынын Алматы-Ош-Алматы жаңы каттамы менен учуп келген жүргүнчүлөрдү салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу ““Манас” Эл аралык аэропортунун” басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Bombardier Q400 NextGen аба учагы менен Алматыдан 64 жүргүнчү учуп келген.

Учакты салт боюнча “триумф аркасы” менен тосуп алышкан. Кыргызстан менен Казакстандын түштүк борборлорунун ортосундагы биринчи каттамдын жүргүнчүлөрүн тосуп алууга Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчиев, Казакстандын Ош шаарындагы консулу Данияр Атанов, QAZAQ Air авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Адель Даулетбек, КРнын ТИМнин өкүлдөрү жана “Манас” Эл аралык аэропортунун Ош шаарындагы филиалынын директору Талантбек Ысаков жана башкалар келишкен.

Ошондой эле, Ош-Алматы каттамына каттоо майрамдык маанайда өткөн. Буга чейин авиакомпания кыргыз же казак элинин улуттук кийимин кийип келген жүргүнчүлөргө Оштон Алматыга бекер учууну убадалаган. Бул шартты төрт киши аткарып алар Алматыга бекер учуп кеткен.

Жүргүнчүлөр аталган каттам ыңгайлуу экендигин билдиришкен.

Өзүнүн сөзүндө Талантбек Ысаков, каттамдын ачылышы өлкөнүн түштүк аймагы жана Ош шаарынын (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары) жашоочулары, коноктору жана компания үчүн абдан маанилүү иш-чара экендигин баса белгиледи.

“Туруктуу каттап туруучу каттамды ачуу тууралуу маселелер көп убакыт бою каралып, биргелешкен аракет менен ушул жылдын жай айында каттамды ачуу чечими кабыл алынды. Белгилей кетчү нерсе, мындай каттам өлкө эгемендүүлүк алган күндөн бери жүргөн эмес”, - дейт Т. Ысаков.

Каттамдар жумасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий