• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алматыда абага көтөрүлгөн учак кулады: 9 адам каза болгондугу айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрь күнү болжол менен саат 07:22де "Бэк Эйр" авиакомпаниясынын Алматы - Нур-Султан багыты боюнча учууга даярданган учагы абага көтөрүлгөндө бийиктигин жоготуп, аэропорттун бетон тосмосун сүзүп калган. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазат.

Маалыматка ылайык, учак эки кабаттуу курулушту сүзүп алган. Дароо куткаруу иштери башталган, өрт чыккан эмес. Учурда каза болгондордун саны 9 адамга жеткендиги айтылды.

Казакстандын премьер-министринин тапшырмасы менен өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Кыйроонун себептери жана чоо-жайы аныкталат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий