• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Алматыда антитеррордук операция учурунда эки аскер кызматкери каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Алматы аэропортундагы салгылашууда жоокерлер набыт болгонун Zakon.kz жазды.

"Алматыдагы аэропортто террорчуларга каршы күрөштө Казакстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн эки жоокери каза болду" , - деп айтылат маалыматта.

Шаар башчысынын орун басары Ержан Бабакумаровдун айтымында, Алматыда террористтерге каршы операция жүрүп жатат, күч түзүмдөрү аэропортту бошотшту. Аэропорт штаттык режимде иштөөгө өтүүдө.

Мындан тышкары, ИИМдин маалыматына ылайык, Казакстандын түрдүү райондорунда тартипсиздикти орнотууда полиция кызматкерлеринен жана Улуттук гвардиянын 8 кызматкери каза болгон. 317 күч кызматкери жарадар болгон.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн эртең менен өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди.

ЖМКлардын маалыматына караганда, митингчилер Алматыдагы президенттин резиденциясын жана аэропортту басып алышкан.

Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Мангистау облусунда өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилди. Карапайым калк менен коопсуздук кызматкерлери ортосунда кагылышуу уланууда.

Мындан мурда башаламандык учурунда 8 аскер кызматкери каза болгонун өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен жергиликтүү ЖМКлар жазышкан.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий