• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алматыда бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.12.17 /Кабар/. Алматыдагы Төле би менен Байтурсунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан жардыруучу зат табылган жок. Жалган маалымат тараткан 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер департаментинен кабарлашты.

19-декабрда департаментке белгисиз киши телефон чалып, Төле би менен Байтурсунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кеңселердин бирине бомба коюлганын кабарлаган. Имарат курчоого алынып, жардыруучу затты издөө иштери жүргөн.

Казакстанда буга чейин бомба коюлганы тууралуу телефон чалуу окуялары бир нече жолу болгон. Бул маалыматтардын басымдуу бөлүгү калп болуп чыгат. Казакстанда терроризм актысы тууралуу жалган кабар тараткан киши кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий