• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алматыда чет өлкөлүк ишкерлер чогулткан казак сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Алматыдагы Абылхан Кастеев атындагы искусство музейинде «Казак руху» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда коюлган сүрөттөр топтомун жергиликтүү сүрөтчү Тимур Даирбаев чет өлкөлүк эки ишкердин буйрутмасы менен тарткан.

«Казак руху» деп аталган сүрөттөр топтомунда мергенчи казак аялды, Алтын Ордо доорундагы жоокерди, ханыша Томиристи жана белгилүү Касым, Керей, Жаныбек, Абылай хандарды көрүүгө болот. Андан сырткары көргөзмөгө турмуш-тиричилик, каада- салт, оюндар, кичинекей баланын алгачкы кадам таштоосу жана талаадагы үйлөнүү той темаларына арналган сүрөттөр коюлган.

Акыркы сүрөттөр топтому «Түбөлүк коңшулар» деп аталып, Кытай, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүнүн кызматташтыгына арналган. Анда Аблайхан өзүнүн жакын адамдары менен, Кытайдын элчиси жана орус генералы тартылган.

Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын айтымдарында, сүрөттөр топтомун түзүү идеясы Казакстандагы чет өлкөлүк компанияларда он жыл иштеген британ ишкери Гэйвин Кретчмарга таандык. Долбоор ортолоп калганда ага дагы бир чет өлкөлүк ишкер Альпер Акдеңиз кошулган. Ал да кезинде Казакстанда он жылдан ашык иштеген.

«Казак руху» топтомундагы сүрөттөрдүн жарымы Альпер Акдеңизге, жарымы Гэйвин Крэтчмардын кичинекей уулуна таандык.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий