• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. 26-август күнү Алматыда маркум спортчу Денис Тенге арналган D10 WORLD деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Esentai Gallery залында Денис Тендин өзү тарткан жана ал катышкан спорттук иш чаралардагы сүрөттөр коюлду. Денис спортто эле эмес, башка тармактарда да өзүнүн чеберчилигин мыкты көрсөтө алган – музыка менен алектенген, сүрөт тарткан жана автордук кинодо да өзүн сынап көрүүнү пландап жүргөн. Көргөзмөдө спортчунун достору, кесиптештери тарабынан даярдалган даректүү тасма көрсөтүлүүдө.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Казакстандын Эл артисти Роза Рымбаева катышып, сөз сүйлөдү. Ал акыркы он жылда болгону эки жолу – ырчы жана композитор Батырхан Шукенов жана Денис Тен өлгөндө гана ыйлаганын айтты. Роза Рымбаева аларды биздин замандын каармандары деп атады.

D10 WORLD сүрөт көрөзмөсү 2-сентябрга чейин болот.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Кийинчерээк Денис Тендин атындагы фонд түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий