• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алматыда ЕӨА кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды

Өкмөт 0

Алматы, 02.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Алматыда (Казакстан) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды.

Тар чөйрөдөгү жыйынга Кыргызстандан өкмөт башчы Сапар Исаков жана вице- премьер-министр Санжар Муканбетов катышууда.

Белгилей кетсек, күн тартибинде Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, интеграциялык биримдикти өнүктүрүү жана анын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү маселелерин карашат.

Жыйында Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий