• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алматыда Элмирбек Иманалиевдин казак тилине которулган китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, таланттуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде чыккан "Аманат" аттуу китебинин бет ачары Алматы шаарындагы Улуттук китепканасында өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын эл акындары Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдрашитова, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты Сулайман Кайыпов баштаган кыргыздын маданият ишмерлери жана ошондой эле казак элинин белгилүү акын-жазуучулары, төкмө акындары катышып, төкмө акындын чыгармачылыгы, эки элдин маданий байланышы тууралуу сөз сүйлөп, маркумду эскеришти.

Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде басылып чыккан “Аманат” аталышындагы китебин казак тилине белгилүү казак төкмө акыны, филология илимдеринин кандидаты Айбек Калиев которгон.

Элмирбек Иманалиев төкмө акын жана обончу катары буга чейин эки элге бирдей белгилүү болуп келген болсо, эми мындан ары анын калемине таандык керемет поэзия саптары казак окурмандарына да жетип, анын көп кырдуу өнөрүнүн дагы бир өңүтү ачылууда.

Китептин бет ачарында Элмирбек Иманалиевдин ырлары көркөм окулуп, кыргыз-казак акындары Элмирбек Иманалиевди төгүп ырдап эскеришсе, белгилүү казак-кыргыз ырчылары Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларынан ырдашты.

Пикир

Оставить комментарий