• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алматыда Исаков менен Медведевдин жолугушуусу пландалууда

Өкмөт 0

Алматы, 02.02.18/Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Алматы шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында КР премьер-министри Сапар Исаков менен Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин эки тараптуу жолугушуусу пландалууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Алматыда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны болот, ага Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын өкмөт башчылары катышат.

Күн тартибинде Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, интеграциялык биримдикти өнүктүрүү жана анын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү меселелери каралат.

Пикир

Оставить комментарий