• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алматыда калың туман болуп, “Манас” аэропорту учактарды кабыл алган

Коом 0

Бишкек, 13.12.18. /Салтанат Абдраева –Кабар/. Казакстандын Алматы шаарындагы аэропорттун аймагындагы калың туман болуп, Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропорту кечээ, 12-декабрда, запастык аэродром болуп, каттамдарды кабыл алган. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аэропорттогу коюу тумандан Москва – Алматы багыты боюнча каттаган учак “Манас” аэропортуна келип конгон.

“Баардык жүргүнчүлөр Алматыга автобус менен кетишти. Ал эми учак учурда аэропорттун аймагында, анткени пилоттор эс алууда”, - деп билдиришти аэропорттон.

Эске салсак, 11-декабрда “Манас” аэропортунун аймагында калың туман болуп, 4 учак Оштун жана Алматынын запастык аэродромуна конгон.

Пикир

Оставить комментарий