• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алматыда «кылмыштуу топ мүчөлөрүнүн» иши боюнча сот башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. 28-мартта Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотунда «Адыл Кытай» деп аталган кылмыштуу топтун лидери жана мүчөлөрү делген 12 шектүүнүн иши боюнча болжолдуу угуулар башталды.

500гө жакын күбө суралып жаткан кылмыш иши 153 томдон турат. Айыпталуучуларга карата кылмыштуу топ түзүү, адам өлтүрүү, алдамчылык жана пара берүү беренелери боюнча айып тагылган.

Былтыр май айында Улуттук коопсуздук кызматы Алматыдагы Ауэзов РИИБсинин мурдагы башчысы Касабеков жана кылмыштуу топтун мүчөсү делген адамдар кармалганын билдирген.

Комитеттен билдиришкендей, кармалган адамдар ишкерлерден акча талап кылуу, Казакстан менен Кытайдын чек арасы аркылуу аткезчилик каналдарды уюштуруу жана адам өлтүрүү менен алектенип жүрүшкөн.

Ноябрда Касабеков пара алуу жана кызмат абалын кыянат пайдалануу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий