• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алматыда кыргызстандык жаран 164 миң доллар уурдады деп шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Алматыда кыргызстандык жаран 164 миң доллар уурдады деп шектелүүдө. Бул тууралуу Алматынын полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал каражат 34 жаштагы алматылык тургундун акчасы болгон. Ал аял акчаны шаардагы батирин жана жер тилкесин сатып тапкан. Акчаларын өзүнүн үйүнүн гаражына катып койгон.

Алматы шаарынын полиция департаментинин Криминалдык полиция башкармалыгынын жетекчиси Есен Искаковдун пикири боюнча, ал жаран мончосун оңдоо иштерине курулушчуларды жалдаган учурда акчаларын башка жерге жашырып койгон эмес.

"Алар экөө болгон. Үй ээсинин айтымында, бир учурда жумушчулардын бири иштен баш тартып, уюлдук телефонун өчүрүп койгон. Андан бир күн мурун кечинде ал, экинчи балага иш үчүн 100 миң теңге берип, кетирип салган. Ошондо үй ээси шектене баштаган. Ал каткан акчасын текшере келгенде акча жок болуп чыккан. Анын арызы боюнча сотко чейинки иликтөө башталган. Ыкчам-тергөө тобу шектелүүчүнү – 35 жаштагы кыргызстандык жаранды кармашкан. Ал Алматынын борборундагы ижарага алган батиринен колго түшүрүлгөн. Акчанын бир бөлүгү анын жанында болгон. Экинчи бөлүгүн ал жаран Алматы облусунун аймагында бир жерге жашырып койгон. Алар да алынган. Акчанын үчүнчү бөлүгүн, кармалгандын айтымы боюнча, апасына жөнөткөн. Бул маалыматты текшерип жатабыз. Ал каражаттарды кайтаруу боюнча иштер жүрөт. Шектелүүчү убактылуу кармоочу жайына камакка алынган", - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий