• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алматыда мектептер ачылып, музейлерге жана бассейндерге барууга уруксат берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин шаардагы карантиндик чектөөлөрдү жумшартуу тууралуу токтомго кол койду.

Ага ылайык, калаадагы театрлардын, китепканалардын, музейлердин, диний объектилердин (массалык иш-чараларды өткөрбөө шарты менен), бассейндердин жана спорттук комплекстердин ишине уруксат берилет. Мындан тышкары окуучуларынын саны 180ден ашпаган мектептер ачылып, аларга бир класста 15тен көп эмес бала отурушу керек деген талап коюлат. Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү мекемелериндеги нөөмөт класстардын иши калыбына келтирилет.

Ошол эле маалда дем алыш жана майрам күндөрү шаардагы соода жана көңүл ачуу жайлар, базарлар (азык-түлүк саткандардан башкасы), фитнес-борборлор, сауналар жана диний объектилер жабылып турат.

Казакстанда эпидемиологиялык абал курчуп кеткенине байланыштуу 5-июлда экинчи жолу карантиндик чектөөлөр киргизилген. 17-августтан тартып айрым чектөөлөр акырындык менен алына баштаган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казаксатнда коронавирус жуктургандардын саны 105,7 миңден ашып, 1588 бейтап каза болду. Жай башталгандан бери өлкөдө тестинен COVID-19 аныкталбаган, бирок коронавирустун белгилери бар пневмония менен ооругандар кескин көйбөгөн. Бийлик аларды 1-августтан тартып эсептей баштаган. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча коронавирустун белгилери бар пневмонияга чалдыккандардын саны 25,7 миңден ашып, 290дон ашык бейтап көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий