• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алматыда World Press Photo-2018 жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Алматыда World Press Photo деп аталган эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Ага сынактын Амстердамдагы кеңсесинен быйыл жеңишке жеткен 42 автордун эмгектери алып келинген.

Эл аралык калыстар тобу быйыл венесуэлалык фотосүрөтчү Роналдо Шемиддин (Ronaldo Schemidt) өлкө президенти Николас Мадурого каршы өткөн нааразылык акцияларга арналган сүрөттөр сериясын мыкты деп табышкан.

Алматыдагы көргөзмөдө мындан тышкары искусство менен көңүл ачуудан тарта жаратылышка чейинки категориялар боюнча байгелүү орундарды алган авторлордун эмгектерин дагы көрүүгө болот.

Быйыл калыстар жалпысынан 125 өлкөнүн өкүлдөрү тарткан 73 миңден ашык эмгекти көрүп, алардын төрт жарымдан ашыгын тандап алышкан.
Алматыдагы World Press Photo-2018 көргөзмөсү 10-декабрда белгилене турган Эл аралык адам укуктарынын күнүнө арналган. Көргөзмө Алматыда 13-декабрга чейин болуп, андан кийин Шымкент шаарына коюлат. Буга чейин көргөзмө Астана менен Карагандада өткөн.

Алгач 1955-жылы уюштурулган World Press Photo сынагы жыл сайын өтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий