• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алматыда жаңы жылдык кечелерди жана отуруштарды өткөрүүгө тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Коронавирус боюнча “сары зонада” жайгашкан Алматыда жаңы жылдык кечелерди жана корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 9-декабрда шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдын алдында жана жаңы жыл күнү көп киши чогулган иш-чараларды уюштурууга болбойт. Кафе-ресторандарда 50дөн ашуун адам чогулбашы керек.

Шаршембиде жергиликтүү бийлик соода борборлору иштей берерин, бирок 24 эмес, 17 саат ачык болорун, ишемби жана жекшемби күндөрү жабыларын билдирген.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, алдыдагы күндөрү кызматкерлери 15тен ашкан Алматыдагы мекемелердин өкүлдөрүнүн 60-80 пайызы аралыктан иштөөгө өтөт. Бала бакчаларда, мектептерде кошумча нөөмөт топторун, класстарды ачуу токтотулат. Калкты тейлөө борборлору иш күндөрү 10:00дөн 18:00гө, ишембиде 10:00дөн 15:00гө чейин иштейт.

Алматы шаары оору жуктургандардын саны боюнча Чыгыш Казакстан облусунан (17 428) кийин эле экинчи (16 741) орунда турат. Кийнки убактарда күн сайын расмий түрдө 65-70 кишиден коронавирус инфекциясы аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий