• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Алматыда жоголгон журналисттин сөөгү табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Алматыда жергиликтүү телеканалдардын биринин 21 жаштагы журналисти Айгерим Мусаеванын сөөгү табылды. Шаардык ички иштер департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, журналист болжол менен тепловоздун алдында калып каза болгон.

19-октябрда Алматы ички иштер департаментине үй-бүлөлүк чатактан кийин үйдөн чыгып кеткен 1991-жылы туулган жубайы Айгерим Мусаева дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.

Полициянын маалыматына караганда, Мусаеванын сөөгү 20-октябрга караган түнү шаардагы негизги пайдаланууда болбогон магистралдын темир жолунда табылган.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бул окуя боюнча транспорттук полиция текшерүү иштерин баштады.

Пикир

Оставить комментарий