• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алматыдагы башаламандыкта кармалган төрт кыргызстандык бошотулду

Коом 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Алматыдагы башаламандыкта кармалган Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло бүгүн, 15-январда абактан кое берилди. Бул тууралуу КР ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кыргызстандын Казакстандагы Башкы консулдугу, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашылган.

Азыркы учурда Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен алар Казакстандын аймагында калышарын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий