• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Алматыдагы учак кырсыгы: Кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Алматы шаарында кырсыкка учураган учактын ичинде кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу коңшу өлкөнүн тиешелүү органдары менен байланышууда.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, азырынчы эч кандай кабар жок.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-декабрь күнү болжол менен саат 07:22де "Бэк Эйр" авиакомпаниясынын Алматы - Нур-Султан багыты боюнча учууга даярданган учагы абага көтөрүлгөндө бийиктигин жоготуп, аэропорттун бетон тосмосун сүзүп калган. Учурда каза болгондордун саны 9 адамга жеткендиги айтылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий