• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алматыдагы учак кырсыгы: Учакта болгон кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Алматыда кырсыкка учураган учакта болгон кыргызстандык жарандын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун маалыматы боюнча, учакта 1983-жылы туулган К.М. аттуу КР жараны болгон. Ал Алматы шаарынын №1 Тез жардам ооруканасынын Травматология бөлүмүнө жеткирилген.

"Башкы консулдуктун кызматкерлери ал жаранды көрүп келди. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн Казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын "Алматы - Нур-Султан" багыты менен чыккан учагы саат 07:05те учуп чыгып, радарлардан жоголуп кеткен. Учакта 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон Казакстандык ММКлардын маалыматы боюнча, кырсыктан 15 адам каза болгон. Божомолдор боюнча, учуп чыгып, жогору көтөрүлө албай эки кабаттуу имаратты сүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий