• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алматыдагы учак кырсыгы: Жүргүнчүлөрдүн арасында кыргызстандык болгон. Ал ооруканада

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Алматыда кырсыкка кабылган казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын учагында жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын бир жараны болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, кыргызстандык жаран учурда ооруканада жатат. Азырынча анын абалы тууралуу маалымат жок.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун өкүлдөрү ал жаранды көрүп келүү үчүн жолго чыгышкан.

Эскерте кетсек, бүгүн казакстандык «Bek Air» авиакомпаниясынын "Алматы - Нур-Султан" багыты менен учкан учагы саат 07:05те учуп чыгып, радарлардан жоголуп кеткен. Учакта 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Казакстандык ММКлардын маалыматы боюнча, кырсыктан 15 адам каза болгон. Божомолдор боюнча, учак учуп чыгып, өйдө көтөрүлө албай эки кабаттуу имаратты сүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий