• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Алматылык он жашар кыз Украинадагы «Голос» балдар сынагында жеңүүчү болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.12.17 /Кабар/. Алматылык он жашар Данэлия Тулешова популярдуу «Голос. Дети» шоусунун украин версиясынын жеңүүчүсү деп табылды.

Финалда ал «Океан Эльзы» тобунун «Не твоя вiйна» аттуу чыгармасын аткарып, көрүүчүлөрдүн добушунун жыйынтыгы менен биринчи орунга ээ болду.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, сыйлык катары Тулешовага «өлкөнүн балдар үнү» наамы жана Diseyland Paris паркына жолдомо берилди. Андан тышкары анын аткаруусундагы ырлар Украинанын «Наше радио» каналынын эфиринен үч ай бою берилип турмай болду. Буга чейин кыздын аткаруусу боюнча белгилүү казак ырчысы жана бир катар чет өлкөлүк сынактардын катышуучусу Димаш Кудайберген дагы жакшы пикирлерин билдиргени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий