• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алматынын четинде бир нече кампа өрттөнүп кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Алматынын жака белиндеги Кайрат кичи районунда бир нече кампа өрттөнүп кетти. Шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз катчысы Салтанат Баймухамбетованын билдиришинче, өрт тууралуу билдируү 28-июнда таңкы саат алтыда келип түшкөн.

Анын айтымында, өрт өчүрүүгө 75 өрт өчүрүүчү, 20 атайын техника жана бир тик учак катышкан.

Салтанат Баймухамбетова агрардык типтеги 13 кампанын тогузу күйүп кеткенин билдирди. Кампалар жайгашкан жалпы аянт 17 миң чарчы метрди түзөт. Азырынча өрт каптаган аянттын көлөмү белгисиз.

Буга чейин өрт бир нече миң чарчы метрге жайылганы кабарланган. Департамент өкүлдөрү кампада эмне сакталганы тууралуу маалыматтар жок экенин билдиришти. Айтымдарында, өрт болгон жерде кампалардын ээлери дагы, жумушчулары дагы байкалган эмес.

Эртең менен социалдык түйүндөрдүн алматылык колдонуучулары шаардын түндүк-чыгышындагы кампалар жайгашкан аймактан коюу түтүн көтөрүлүп жаткандыгы тартылган видеолорду жарыялашкан.

Пикир

Оставить комментарий