• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Алмаз Исанов Швеция парламентинин депутаттары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов Швеция Королдугунун парламентинин (риксдаг) депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын, стратегиялык өнүгүү маселелерин жана маанилүү улуттук артыкчылыктарды, анын ичинде 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүүнү тездетүү маселелерин талкуулашты.

«КР президенти үстүбүздөгү жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялады. Бул тема өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты катары саналат. Биз улуттук артыкчылыктар катары жашыл, санариптик жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүнү алга коюп жатканыбызды белгилегим келет», - деди Алмаз Исанов.

Швециянын парламенттик делегациясы белгилегендей, алардын өлкөсү карапайым адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого алат.

«Мен үчүн өлкө жетекчилиги тармактык илимдин далилдеринин негизинде чечимдерди кабыл алып жатканын угуу кубанычтуу», - деди парламентарий Дженин Алм Эриксон.

Маалымат үчүн: Швеция Королдугунун парламентарийлер делегациясы 2022-жылдын 10-апрелинен 15-апрелине чейин Кыргызстанда жүрөт. Сапарды БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Түндүк кеңсеси менен биргеликте уюштурган.

Иш сапардын максаты - Кыргызстандын мисалында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүү артыкчылыгын изилдөө жана БУУӨП аймактагы долбоорлорун колдоодо артыкчылыктуу багыттарды аныктоо. Иш сапардын алкагында швециялык депутаттардын өлкөбүздүн бир катар аймактарына баруусу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий