• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош мэри Алмаз Мамбетов Франциянын элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 19 -октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусту кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде экономикалык, маданий -гуманитардык тармактарды талкуулашты.

Ошондой эле, Ош шаарынын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Франциянын элчиси Кыргызстандын түштүк борбору туристтик сектордо абдан чоң потенциалга ээ, бул франциянын туристтерине жакшы белгилүү экендигин билдирди.

Тараптар туризимди өнүктүрүү, билим берүү, маданий жана боордоштук мамилелерди түзүү, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий