• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы Алиев көчөсүнүн курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардагы Э.Алиев көчөсүн, М.Джинах көчөсүнөн А.Суюмбаев көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэр эң башкысы курулуштун сапатына көңүл буруу керектигин айтып, ал боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Э.Алиев көчөсүнүн курулушунун жалпы узундугу 1075 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун эки тарабынан жөө жүрүүчү жолдун туурасы 2 метр, жашыл зона 1 метрден. Жолго 2 катмар асфальт басылып, эки тарабына ирригациялык арыктар орнотулат. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп, ушул жылдын III- кварталынын аягына бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий