• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Алмаз Мамбетов: Шайлоодо административдик ресурс колдонуу аркылуу ката кетирбешибиз керек

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кечээ, 26-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө штабдын төрагасынын орун басары-Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов, ИИМдин Ош башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, Ош шайлоо округунун төрагасы Бакыт Алматов шайлоого даярдык көрүү боюнча маалымат беришти.

Шаар башчысы президент Садыр Жапаров шайлоону калыс өткөрүүгө жана административдик ресурс колдонбоо боюнча каттуу талаптарды коюп, тапшырма бергенин дагы бир ирет эскертти.

"Биз мыйзам бузууга жол бербешибиз керек. Ошону менен катар мекеме-ишканалардын жетекчилерин, кызматкерлерди, айтор бардык мамлекеттик ишканаларды шайлоого аралашпай өз кызматтарын кылууга чакырам. Ошондой эле, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык жана үй комитеттеринин кызматкерлерине контролдоо жүргүзүлсүн. Мурунку өткөн шайлоодогу катачылыктар, жеке кызыкчылыктар менен акча тапкандар боюнча баардык маалыматтар бар. Бул ирет ага жол берилбейт. Жакынкы күндөрү муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары ротациаланат", - деди А.Мамбетов.

Мындан тышкары, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчыларына кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпысынан 78 шайлоо участкасы бар. Ош добуш берүү округунда 110 миң 685 шайлоочу катталган.

Пикир

Оставить комментарий