• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Алмазбек Асанбаев ТИМ башчысынын кеңешчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге колдоо көрсөтүү боюнча координациялуу иш жүргүзүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүү максатында КР Тышкы иштер министрлигинде министрдин кеңешчиси болуп Алмазбек Асанбаев дайындалды.

ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул дайындоо президент Сооронбай Жээнбековдун Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана мекендештерди колдоо аракеттерин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан координациялоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий